БШКнын мүчөсү Абдыжапар Бекматов: "Илмияновдун иши боюнча БШКга расмий маалымат түшкөн жок"

УКМК КСДПга 2017-жылдагы президенттик шайлоого байланыштуу кат жөнөткөн. Анда талапкер Сооронбай Жээнбековдун шайлоо штабынын башчысынын орун басары болгон Икрамжан Илмиянов чет өлкөлүк компаниядан 150 миң доллар акча алганы айтылат. КСДП өз жообунда президенттикке талапкер катары партия Сооронбай Жээнбековду тандаганын, финансылык маселелерди талапкер өзү жана анын штабы чечкенин маалымдаган.

SUPER.KG порталынын "Эгер президенттик шайлоодо талапкерлердин бири чет өлкөлүк компаниядан каржылык жардам алгандыгы аныкталса, анда шайлоонун жыйынтыгы эмне болот?" деген соболуна Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Абдыжапар Бекматов төмөнкүдөй жооп берди.

Анын айтымында, президенттикке талапкердин фондуна чет өлкөдөн каржы келсе, фонддун ыйгарым укуктуу өкүлү ал акчаны кабыл албашы керек.

“Эгер каржылоосуна тыюу салынган уюмдардан каражат келсе фондго эмес, бюджетке кабыл алынат деген норма бар. Фонд акчаны кабыл алса, атайын иликтөөлөр жүгүзүлөт. Кимдир бирөө атайылап каршылык кылам деп фондго акча которуп коюшу мүмкүн. Ошон үчүн иликтөөнүн жыйынтыгында чечимди БШК кабыл алат”, - деди Бекматов.

Мындан тышкары ал Икрамжан Илмияновдун иши боюнча БШКга расмий маалымат келбегенин айтты.

Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина, Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Атыр Абдрахматова, коомдук-саясий ишмерлер Адахан Мадумаров, Токтайым Үмөталиева жана Төлөгөн Келдибаевдин пикири бул шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан