Саясатчы Адахан Мадумаров: "Чет өлкөнүн колдоосу менен президент болгон киши кыргыз эли үчүн күйбөйт"

УКМК КСДПга 2017-жылдагы президенттик шайлоого байланыштуу кат жөнөткөн. Анда талапкер Сооронбай Жээнбековдун шайлоо штабынын башчысынын орун басары болгон Икрамжан Илмиянов чет өлкөлүк компаниядан 150 миң доллар акча алганы айтылат. КСДП өз жообунда президенттикке талапкер катары партия Сооронбай Жээнбековду тандаганын, финансылык маселелерди талапкер өзү жана анын штабы чечкенин маалымдаган.

SUPER.KG порталынын "Эгер президенттик шайлоодо талапкерлердин бири чет өлкөлүк компаниядан каржылык жардам алгандыгы аныкталса, анда шайлоонун жыйынтыгы эмне болот?" деген соболуна “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаров төмөнкүдөй жооп берди.

Анын айтымында, эгер президенттик шайлоодо талапкерлердин бири чет өлкөлүк компаниядан каржылык жардам алгандыгы аныкталса, шайлоо мыйзамсыз өттү деп таанылат.

“Чет өлкөнүн каражатын колдонуп, ошол жактын колдоосу менен президент болгон киши Кыргыз мамлекети жана кыргыз эли үчүн күйбөйт. Анткени ал ошол колдоо көрсөткөн кишилердин алдында карыздар болот дагы, ошолордун койгон шарттарына мамлекеттин кызыкчылыгын кечип жиберет. Кайсы мамлекет кимди колдогон болсо, ошол мамлекеттин кызыкчылыгын колдоп, биздин мамлекеттин, улуттун кызыкчылыгы тебеленди болуп калып жатат.

Кайсы талапкер кимден каржылык жардам алганын далилдеш өтө кыйын. Булар аябай жаап-жашырып, өтө кылдаттык менен жасашат. Көпчүлүк коом билбейт, бирок бардык нерселерге саресеп салып отурган адамдарга булардын баары ачыктан ачык көрүнүп калат”, - деди Мадумаров.

Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина, Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү Абдыжапар Бекматов, Атыр Абдрахматова, коомдук-саясий ишмерлер, Токтайым Үмөталиева жана Төлөгөн Келдибаевдин пикири бул шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан