УКМК КСДПга 2017-жылдагы президенттик шайлоого байланыштуу кат жөнөткөн. Анда талапкер Сооронбай Жээнбековдун шайлоо штабынын башчысынын орун басары болгон Икрамжан Илмиянов чет өлкөлүк компаниядан 150 миң доллар акча алганы айтылат. КСДП өз жообунда президенттикке талапкер катары партия Сооронбай Жээнбековду тандаганын, финансылык маселелерди талапкер өзү жана анын штабы чечкенин маалымдаган.
SUPER.KG порталынын "Эгер президенттик шайлоодо талапкерлердин бири чет өлкөлүк компаниядан каржылык жардам алгандыгы аныкталса, анда шайлоонун жыйынтыгы эмне болот?" деген соболуна коомдук ишмер Токтайым Үмөталиева жооп берди.
Үмөталиеванын айтымында, эгер президенттик шайлоодо талапкерлер чет өлкөлүк компаниядан каржылык жардам алгандыгы аныкталса, жаңы жагдайлар пайда болгонуна байланыштуу шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылышы шарт.
“Ал үчүн башка талапкерлер сотко арыз бериши керек. Арызды сот процессинин катышуучулары да бере алат, алар: талапкердин коомдук өкүлдөрү, шайлоодогу байкоочулар.
Илмиянов “чын эле чет өлкөдөн акча келген” деп көрсөтмө берсе, анда шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарыш керек. Ансыз деле шайлоо ыплас иштер менен өткөн. Ошол эле биометриканы текшерген жана эсептөөчү урналардын паспорттору жана лицензиялары жок экен, мамлекеттик стандарттан өтпөптүр. Бүт баары текшерилиши зарыл”, - деди Үмөталиева.
Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина, Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү Абдыжапар Бекматов, Атыр Абдрахматова, коомдук-саясий ишмерлер Адахан Мадумаров жана Төлөгөн Келдибаевдин пикири бул шилтемеде.