УКМК КСДПга 2017-жылдагы президенттик шайлоого байланыштуу кат жөнөткөн. Анда талапкер Сооронбай Жээнбековдун шайлоо штабынын башчысынын орун басары болгон Икрамжан Илмиянов чет өлкөлүк компаниядан 150 миң доллар акча алганы айтылат. КСДП өз жообунда президенттикке талапкер катары партия Сооронбай Жээнбековду тандаганын, финансылык маселелерди талапкер өзү жана анын штабы чечкенин маалымдаган.
SUPER.KG порталынын "Эгер президенттик шайлоодо талапкерлердин бири чет өлкөлүк компаниядан каржылык жардам алгандыгы аныкталса, анда шайлоонун жыйынтыгы эмне болот?" деген соболуна коомдук ишмер Төлөгөн Келдибаев жооп берди.
Келдибаевдин айтымында, шайлоо фондунун ачык-айкын көрсөтүлбөгөнү үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартуу керек.
"Шайлоо фонду кандай түзүлөт, сарпталуучу акча кайдан түшөт, мунун баары мыйзамда конкреттүү түрдө жазылган. Киреше-чыгашалар ачык-айкын көрсөтүлүшү керек. Чет өлкөлүк уюмдардан же ишканалардан каражат алууга мыйзам жол бербейт. Шайлоо фондунан түшкөн акча дагы чектелүү көрсөтүлгөн, сарпталуучу сумма дагы кайсы бир деңгээлден ашпоосу керек, өзүнүн өлчөмдөрү бар. Эгер ашкан болсо, БШК ал адамдын талапкерлигин алып салышы зарыл, бирок бүгүнкү күндө андай болбой жатат. Талапкерлер шайлоо фондунда көрсөткөн суммага салыштырмалуу элге чачкан акчалары андан миңдеген эсе жогору болуп жатат. Шайлоо фондун ачык көрсөтпөгөн, шайлоочуларды сатып алган фактылар аныкталса, ал адамдар кылмыш жообуна тартылышы керек. Бул боюнча биздин Кылмыш-жаза кодексине атайын 2-3 берене киргизилген.
Чет өлкөлүк мекемелерден акча алган талапкер ким болбосун анын кол тийбестигин алып, кылмыш жоопкерчилигине тартуу зарыл. Себеби ал адам чет өлкөлүк компаниянын жеке кызыкчылыгы үчүн калыстык кылбай коюшу мүмкүн. Тендерден утканга, кен байлыктарды алганга шарттарды түзүп бериши ыктымал", - деди Келдибаев.
Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина, Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү Абдыжапар Бекматов, Атыр Абдрахматова, коомдук-саясий ишмерлер Адахан Мадумаров жана Токтайым Үмөталиеванын пикири бул шилтемеде.