Бишкекте изделип жаткан Гүлмира Ташпулатова табылды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, дайынсыз болуп жаткан келин Бишкек шаарынан 30-октябрда табылган.
Учурда анын табылганы боюнча гана маалымат бар, кененирээк маалымат кийинчерээк берилерин шаардык милициядан кабарлашты.
Эске салсак, 27-октябрь күнү саат 16:00 чамасында Бишкектеги Жон-Арык айылындагы үйдөн Гүлмира Ташпулатова чыгып кеткен боюнча изделип жаткан.