АКШ Жаңы жылга карата башкы балатысын тандады

АКШ Жаңы жылга карата башкы балатысын тандады. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Жаңы жылдык балаты Рокфеллер борборунун алдындагы аянтта 10-ноябрда орнотулат. Узундугу 22 метр болгон балаты Нью-Йорк штатынын Уоллкилле аймагынан алынган. 75 жылдык балатынын салмагы 12 тоннага чейин жетет.

Майрамдык балаты 50 миңден ашуун гирляндалар жана архитектор Даниэл Либескин тарабынан жасалган "Swarovski" фирмасынын жылдызы менен кооздолот. Балатынын жарыктары 28-ноябрда жандырылат. Ал 2019-жылдын 7-январына чейин аянтта турат. Андан соң 2007-жылдан бери келе жаткан салтка ылайык, балаты үй-жайсыз адамдарга турак жай куруп берген "Habitat for Humanity" компаниясына берилет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Kanat.tls
2018-10-31 10:59:27
Рождество
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан