Монголиянын президенти парламент таркабаса ачкачылык жарыялай тургандыгын билдирди

Монголиянын президенти Халтмаагийн Баттулга эгерде парламент өзү тарабаса ачкачылык жарыялаганга даяр экенин жергиликтүү телеканалдардын биринде болуп жаткан түз эфирде билдирди.

Маалыматка ылайык, президент Улуу мамлекеттик хуралдын (парламент) спикерине расмий кат жолдогон. Ал катта парламентти таркатуу боюнча маселени талкуулоого чакырып, 2016-жылы өткөн шайлоодон кийин келген парламентти жана өкмөттү сынга алган.

Халтмаагийн Баттулга түз эфирде берилген "Парламентти таркатуу боюнча сунуш бергенден кийин эмне кыласыз?" деген суроого "Ачкачылык же нааразычылык акциясы, бул биздин азыркы абалыбыз. Мен бардык кадамдарды кылып көрдүм, сунуштарды жөнөттүм" деген жообун кайтарган.

"Парламенттин мүчөлөрү бюджетти кароодо жеке кызыкчылыктарда негизделген шайлоо алдындагы мамилелерге багынып беришти. Улуттук экономиканын маселелерин өзүнүн пайдасы үчүн күч жана таасири менен чечкенге аракет кылып жатышат. Мындан улам "парламенттин мүчөсү - элдин өкүлү, ал бардык жарандардын жана мамлекеттик кызыкчылыктарын колдойт" деген конституциялык принцип тебеленүүдө", - деди президент.

Мындан тышкары Баттулга Конституциянын 22-беренесинин 2-пунктунда "Эгер парламент өзүнүн милдеттерин аткара албаса же президент парламенттин төрагасы менен кеңешип, ушул эле себеп менен парламентти таркатууну сунуштаса, парламент өзүн таркатуу боюнча чечимди кабыл ала алат" деп жазылганын эскертти.

"Монголиянын президенти жөнүндө" мыйзамдын 12-беренесинин 11-пунктуна ылайык, эгер парламент өзүнүн милдетин аткарбаса, президент расмий түрдө парламенттин төрагасына парламентти таркатууну сунуштайт. Төраганын бул сунушту колдобогону президент үчүн парламентте сунуш киргизүүгө жолтоо боло албайт.

“Ошондуктан мен парламентти өзүн таркатууга чакырам”, — дейт президент Баттулга.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
jugorsk
2018-10-31 10:36:56
Аа байкуш сен деле биздикилердей эле экенсинда
0
baihan07kenjetaev
2018-10-31 11:18:27
Парламент күчтүү экенда биздикиндей болуп президент эмнени айтса ошону аткарып отура бербей өздөрүнүн ишин кылып жатат.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан