Армениянын премьер-министрлигине Никол Пашиняндын талапкерлиги кайрадан көрсөтүлдү. Ал бул кызматка жалгыз талапкер

Армениянын премьер-министрлигине Никол Пашиняндын талапкерлиги кайрадан көрсөтүлдү. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары өлкөнүн парламентинин маалымат кызматынынын башчысы Князь Сарояндын билдирүүсүнө таянып жазышууда.

"Парламенттеги 105 депутаттын үчтөн бири өкмөт башчылык кызматка Пашинянды көрсөтүп жатат. Аны бул кызматка көрсөткөндөр "Елк" фракциясынын гана мүчөлөрү эмес", - деген Сароян.

Кийин анын талапкерлигин "Царукян" фракциясынын мүчөлөрү да көрсөтүп жаткандыгы жазылган. Жалпысынан Пашиняндын талапкерлигин 43 депутат көрсөттү. 30-октябрга чейин бул кызматка талапкерлер өздөрүн көрсөтүшү керек болчу, бирок ага жалгыз гана талапкер - Никол Пашинян көрсөтүлгөн.

24-октябрда Армения парламенти өкмөт башчылыкка Никол Пашиняндын талапкерлигин колдогон эмес. Анда өткөрүлгөн добуш берүүдө Пашиняндын талапкерлигине бир дагы парламент депутаты "макул" деген эмес. 1 депутат каршы болсо, 11 депутат калыс добуш берген. Добуш берүүгө "РПА", "Дашнакцутюн" жана "Царукян блогу" фракциялары катышкан эмес.

Өлкөнүн премьер-министрин тандоо 1-ноябрда республиканын мыйзам чыгаруу органынын атайын жыйынында өтөт. Пашинян өзү буга чейин анын талапкерлигинин көрсөтүлүшү формалдуу көрүнүш экенин айтып келген жана саясатчыларды ага добуш берүүдөн карманууга же каршы добуш берүүгө чакырган.

Армениянын Улуттук жыйыны премьер-министрдин отставкасынан кийин 15 күндүн ичинде эки ирет өкмөт башчысын шайлай албаса, парламент тарайт. Андан соң кезексиз парламенттик шайлоо дайындалат. Парламент таратылгандан 30 күндөн эрте, 45 күндөн кеч эмес убакытта кайра шайлоо өтүшү керек.

Эгерде парламент 1-ноябрда өкмөт башчыны тандай албаса анда мыйзам чыгаруу органы тарайт жана кезексиз парламенттик шайлоо өтөт.

Армениянын премьер-министри Никол Пашинян 16-октябрь күнү кечинде кызматынан кеткенин жарыялаган. Бул кадамга Пашинян жакында парламенттик шайлоо өткөрүү үчүн өлкөнүн Улуттук жыйынын таратуу зарылдыгынан улам барганын, ошондой эле ал убактылуу өкмөт башчысынын милдетин аткарып турарын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан