Бүгүн, 31-октябрь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.
Өкмөттүн ишине жана анын мүчөлөрүнө сын айтуу уланууда. Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында депутат Гүлшат Асылбаева экономика министри Олег Панкратовду кызматтан алууну сунуштады. Эл өкүлү "экономикада эч кандай жылыш жок. Аталган тармакты бул министрге ишенип тапшырууга болбойт" деп сынга алды. Ага чейин Бюджет жана финансы комитетинде аталган чиновник жыйынга бир нече ирет келбегени үчүн "чара көрүлсүн" деп өкмөт башчыга кат жолдонду. Дарегине сын көп айтылып жаткан дагы бир өкмөттүн өкүлү бар. Ал айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашев. Панкратовду кызматтан алуу сунушталган тармактык комитеттин жыйынында Мурашев да депутат Эльвира Сурабалдиевадан катуу сын укту. Эл өкүлү Чүйдүн дыйкандарына суу жетпей жатканын айтып, "экономика министринен кийин эле кызматтан кетип калбаңыз" деп эскертүү берди.
Олег Панкратов "физика, информатика жана эсептөөчү техника" менен "юриспруденция" адистиктери боюнча билим алган. Ишкердик тармагында жүрүп, 2010-2013-жылдары экономика боюнча министрдин орун басарлыгына келген. Ал эми 2013-2015-жылдары премьер-министрдин кеңешчиси, Евразиялык экономикалык биримдиги (ЕАЭБ) боюнча эксперт болуп иштеген. Дал ушул аралыкта Кыргыз өлкөсүнүн ЕАЭБге кирүү процесси толук аяктаган. Кийин экономика министри болуп дайындалып, Темир Сариев менен Сооронбай Жээнбековдун өкмөтү учурунда экономика маселелери боюнча вице-премьер-министр болуп иштеген. Сапар Исаков премьер-министр болгондо кызматтан кетип, Мухаммедкалый Абылгазиевдин командасы менен Артём Новиковдун ордуна министр болуп келген.
Ал эми Нурбек Мурашев техникалык университетти аяктаган. Көп жыл айыл чарба тармагында жетекчилик кызматтарда иштеп келип, Жогорку Кеңештин V чакырылышында "Республика" фракциясынан депутат болгон. 2016-жылы "Бир бол" фракциясынын квотасы аркылуу Сооронбай Жээнбековдун өкмөтү менен айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри болуп дайындалган. Андан бери өкмөт 2 жолу отставкага кетти, бирок Мурашев креслосун сактап калган министрлердин катарында.
Өлкөнүн экономикасы эгемендүүлүк алгандан бери жакшырып кете элек. Расмий маалыматтарга караганда, акыркы 8 айда экспортко караганда импорт өсүп, ички дүң продукциянын көлөмү 0,3 пайызга азайган. Өкмөт экономиканы жакшыртуу жолдоруна баш оорутканга караганда салыктын жаңы түрлөрүн ойлоп таап, бар салыкты өстүрүү менен бюджетке акча чогултуу аракетин кылууда. Айыл чарба тармагы да акыркы кезде талкуу чордонунда. Картошка, төө буурчак, сарымсак жана башка мөмө-жемиштерди ЕАЭБге сатууга жакшы мүмкүнчүлүк түзүлбөй, мындан улам ички рынокто алардын баасы арзандап, дыйкандын эмгеги акталбай калууда. ЕАЭБге киргенден бери айыл чарба продукцияларын чет өлкөгө экспорттоо толук ишке ашпай келет. Бул көйгөйлөрдү чечүүгө Экономика менен Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги, анын жетекчилери милдеттүү. Өкмөткө ушундай кадрлардын келип калышына өзүнө команда кураган премьер-министрдин, жакын адамдарын кызматка таңуулаган депутаттардын жана мындай курамды кызматка дайындаган президенттин жоопкерчилиги чоң...
30-октябрда Бишкек жылуулук электр борборунда Жогорку Кеңештин Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин көчмө жыйыны өттү. Анда чиновниктер депутаттардын ЖЭБдин кышка даярдыгы, авария, модернизацияга алынган каражат жана козголгон кылмыш иштери тууралуу суроолоруна жооп беришти.
Парламенттик комитеттин төрагасы Кожобек Рыспаев коомчулукта ЖЭБдеги тендерлерде 1 эле кишинин компаниясы утуп келген деген сөз бар экенин айтып, укук коргоо органдарынан маалымат сурады. Башкы прокурордун орун басары Нурлан Дүйшембиев тендерге байланыштуу бир нече кылмыш иши козголгонун айтты. "ЖЭБге байланыштуу бир нече кылмыш иштери козголгон. Тергөө аяктаган кылмыш иштери сотко жиберилүүдө. Өндүрүштө дагы кылмыш иштери бар. Тендерде мыйзам бузуу болгону боюнча да кылмыш иши козголгон. Ошол боюнча тергөө жүрүп жатат. Азыр 2 иш Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда каралууда", - деди ал. Жыйында ЖЭБди модернизациялоо боюнча Эсептөө палатасынын текшерүүсү дале аяктай электиги айтылды. "Жогорку Кеңештин токтомуна ылайык, 386 миллион доллар боюнча биз азыр аудит жүргүзүп жатабыз. Бул чындыгында абдан чоң долбоор. Бүтөрү менен Жогорку Кеңешке расмий түрдө жиберебиз", - деди Эсептөө палатасынын төрагасы Улукбек Марипов.
Бишкек ЖЭБиндеги өндүрүштүк кырсыкка жана аны жаңылоого байланыштуу "шалаакылык", "коррупция", "коммерциялык уюмдарда иштегендердин кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануусу" беренелери боюнча кылмыш иштери козголгон. "Коррупция" беренеси боюнча мурдагы премьер-министрлер Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев, мурдагы энергетика министри жана парламент депутаты Осмонбек Артыкбаев, "Улуттук энергетикалык холдингдин" мурдагы башчысы Айбек Калиев, Бишкектин экс-мэри Кубанычбек Кулматов, "Электр станциялары" ишканасынын мурунку директору Салайдин Авазов жана анын мурдагы орун басары Жолдошбек Назаров УКМК тарабынан кармалып, 5 айдан бери тергөө абагында. Ал эми "коммерциялык уюмдарда иштегендердин кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси менен "Электр станциялары" ишканасынын башчысынын орун басары Бердибек Боркоев, ЖЭБди модернизациялоо боюнча топтун жетекчиси Темирлан Бримкулов, "Электр станциялары" ишканасынын мурдагы башкы директору Узак Кыдырбаев кармалган. Аталган берене менен Айбек Калиев да айыпталууда. Учурда алардын иши сотто каралып баштады. Ал эми "шалаакылык" беренеси боюнча бир нече кызматкерлер кызматтан алынган.
ЖЭБдеги көчмө жыйынга катышкан депутаттар Эсептөө палатасынын текшерүүсү аягына чыккан соң көп маселелер ачыкка чыгарын айтышты. Ал эми ЖЭБдеги тендерлер боюнча качан, кандай берене менен кылмыш иши козголуп, кимдерге айып тагылганы боюнча Башкы прокуратура маалымат берүүдөн баш тартты. УКМКнын СИЗОсуна кире тургандардын парады дагы узарат өңдүү...