Түштүк Корея дүйнөлүк сулуулуктун жана пластикалык хирургиянын борборуна айланып жатканда интернет айдыңында кореялык кыздардын "сулуулуктун стандарттарына" каршылык көрсөтүп тараткан видеолору талкууда. Бул тууралуу Би-Би-Си Орус кызматы кенен материал даярдаган. Видеолорун жүктөгөн кыздардын каршылыктары ар башка. Бири адамды таанылгыс кылып өзгөрткөн макияжга каршы болсо, кээ бири пластикалык операциянын жардамы менен өзгөргөндөр. Ошондой эле жергиликтүү социалдык тармактарда "Корсетсиз" флешмобу кеңири жайылууда.
Ушул жылдын июнь айында Түштүк Кореянын жашоочусу Лина Бае аттуу блогер кыз өз баракчасына "Мен сулуу эмесмин" деген аталыштагы видеосун жүктөгөн. Видеонун башында кыз кадимкидей эле бьюти-блогерлер катары бетине макияж коюп жатканын көрүүгө болот. Бирок алдына кайсы косметика өндүрүүчү компаниялардын каражаттарын колдонуп жаткандыгы жазылган титрдин ордуна анын окурмандары көп жазган "Сен аракет кылсаң мындан дурусураак көрүнмөксүң", "Сага тоналдык крем керек", "Сен кемчиликтүү жерлериңе пластикалык операция жасатышың керек" деген сыяктуу комментарийлерди калтырышкан. Видеонун экинчи бөлүгүндө Лина мындай пикирлерден тажагандыгын билдирип, бетине койгон макияжын өчүргөн дагы, бети кандай болсо ошондой калтырып, "мен сулуу эмесмин, бирок бул нормалдуу нерсе. Башкалар сени кандай көргүсү келип жатса, ошого жараша аракет кылбай эле кой. Өзүңө жаккан гана өзүңдүн түстөрүңдү изде" деп жазган. Видео мындан кийин 5 миллион жолудан ашык көрүлгөн.
Лина Баенин артынан эле кореялык башка кыздардын видеолору чыга баштаган. Анда макияждын жардамы менен кынтыксыз сулуу көрүнгөн кыздар бетиндеги боёкторду өчүргөндөн кийин кандай көрүнүп калышарын тартып чыгара башташкан. Бул флешмоб "Корсетсиз" деп аталып, табигый сулуулукту даңазалоого чакырат.