Өнүккөн өлкөлөрдө шайланган бийлик убадасын аткарбаса, коомчулук митинг жана пикеттер менен убадаларды аткаруусун талап кылат. Ал эми биздин мамлекетте шайлоо алдында президенттикке жана депутаттыкка талапкерлер "кыйратам, жыргатам, көйгөйлөрдү чечем" деп элди ишендирет, бирок шайлангандан кийин убадаларынын көбү куру сөз бойдон кала берет.
SUPER.KG порталынын "Шайлоо алдындагы убадасын аткарбаган президентти же парламентти кантип жазалоого болот?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев төмөнкүдөй жооп берди.
Анын пикиринде, убадаларын аткарбаган партияларды кийинки шайлоодо эл колдобошу керек.
“Парламенттин ичинде 6 саясий партиянын фракциялары бар. Ошолордун убадалары аткарылбаса, кийинки шайлоодо эл ошол партияны колдобошу керек.
Ал эми президент бир эле мөөнөткө шайланат. Эл аны шайлап алгандан кийин эч нерсе кыла албайт, кайра чакыртып алуу процедурасы жок. Жазалоого мүмкүн эмес. Убадасын аткарбаган президент элдин алдында урматын жоготот. Кийин саясий күрөшкө чыкса, шайлоочулар добуш бербей коёт”, - деди Масалиев.
Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов, саясат таануучу Даниел Кадырбеков, экс-депутат Турсунбай Бакир уулу, жарандык активист Адил Турдукулов, саясий ишмерлер Жеңиш Молдокматов жана Темирбек Асанбековдун пикири бул шилтемеде.