Жарандык активист Адил Турдукулов: "Улут башчылары аткарган иштери менен тарыхта каларын сезе билиши керек"

Өнүккөн өлкөлөрдө шайланган бийлик убадасын аткарбаса, коомчулук митинг жана пикеттер менен убадаларды аткаруусун талап кылат. Ал эми биздин мамлекетте шайлоо алдында президенттикке жана депутаттыкка талапкерлер "кыйратам, жыргатам, көйгөйлөрдү чечем" деп элди ишендирет, бирок шайлангандан кийин убадаларынын көбү куру сөз бойдон кала берет.

SUPER.KG порталынын "Шайлоо алдындагы убадасын аткарбаган президентти же парламентти кантип жазалоого болот?" деген соболуна жарандык активист Адил Турдукулов төмөнкүдөй жооп берди.

Анын айтымында, эл убадасын аткарган президентти шайлашы керек.

“Бизде президенттин бийлиги бир мөөнөт менен эле чектелген. Ошондуктан башка мамлекет сыяктуу убадаларын аткарбаган президентти кайра шайлабай коюу укугунан четтетилебиз. Президенттикке келген адам “Кыргыз тарыхында калам” деп келиши керек. Президент туура эмес иш аткарса, жаман элес менен тарыхта калат. Ал эми жакшы иш жасаса, жакшы ат менен тарыхта каларын сезе билүүсү зарыл.

Шайлоочулар убадасын аткарбаган депутаттарды кайрадан шайлай бергенине таң калам. Алардын 1-2 миң сом бергенине алданган туура эмес. Эми шайлоодон шайлоого чейин элдин аң сезими жогорулайт деген ойдомун. Алар ким канча акча бергенине эмес, буга чейин берген убадаларына турдубу же жокпу, ошону карап чечим чыгарар деген үмүт бар”, - деди Турдукулов.

Жогорку Кеңештин депутаттары Исхак Масалиев, Алтынбек Сулайманов, саясат таануучу Даниел Кадырбеков, экс-депутат Турсунбай Бакир уулу, саясий ишмерлер Жеңиш Молдокматов жана Темирбек Асанбековдун пикири бул шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан