Өнүккөн өлкөлөрдө шайланган бийлик убадасын аткарбаса, коомчулук митинг жана пикеттер менен убадаларды аткаруусун талап кылат. Ал эми биздин мамлекетте шайлоо алдында президенттикке жана депутаттыкка талапкерлер "кыйратам, жыргатам, көйгөйлөрдү чечем" деп элди ишендирет, бирок шайлангандан кийин убадаларынын көбү куру сөз бойдон кала берет.
SUPER.KG порталынын "Шайлоо алдындагы убадасын аткарбаган президентти же парламентти кантип жазалоого болот?" деген соболуна “Замандаш” партиясынын лидери Жеңиш Молдокматов төмөнкүдөй жооп берди.
Ал парламентке келген партиялар убадасын аткарбаса, кийинки шайлоодо эл аларга добуш бербеши керек деген пикирде.
“Парламентке келген партиялар убадаларын аткарбаса, эң оңой бир эле жолу бар. Бул кийинки шайлоодо аларды шайлабай коюу. Себеби парламентке келген партиялардын курамына кирген депутаттардын мандатына чакыртып алуу, аларды кетирүү мүмкүн эмес. Конституцияда Жогорку Кеңештин депутаты жөнүндө мыйзамында жазылган нормалар боюнча, депутат каза болуп калса, соттун өкүмү чыкса же арыз жазса ошондо мандатынан ажыратылат.
Партиялардын берген убадалары боюнча эл талдап чыгып, талап кылып, сурашы зарыл. Шайлоочулар өздөрү таразалап, тарбиялашы керек. Учурда сурай турган, талап кыла турган тарап жок болууда. Мындан улам алар каалаганын кылып жатышат. Бул өнөкөткө айланып кетти.
Президент боюнча, мамлекет башчынын өзүнө тийиштүү Конституцияда жазылган, мыйзамдарда каралган нормалары бар. Анын аткара турган укуктары жана милдеттери бар. Бүгүнкү күндө президенттин премьер-министрге караганда ыйгарым укуктары кыскартылган. Бүгүн премьер-министрдин ишин көбүрөөк баалаш керек. Анткени аткаруу бийлиги болуп жатат. Экономика, мамлекеттин ички саясатын жүргүзүп жаткан - бул премьер-министр. Өкмөт башчынын ишин парламент баалоосу кажет. Эгерде парламентке эл туура эмес баа берсе же баасын бербесе парламент каалаганын кылып баштайт.
Президенттин өзүнө тиешелүү иштери аткарылбаса, парламент ачык айтып чыгышы зарыл. Мамлекет башчынын берген убадалары ага тийиштүү ыйгарым укуктарына, милдеттерине байланыштуу жасаган иштерине парламент баа бериши керек. Ошол эле учурда эл дагы баасын бериши зарыл”, - деди Молдокматов.
Жогорку Кеңештин депутаттары Исхак Масалиев, Алтынбек Сулайманов, экс-депутат Турсунбай Бакир уулу, саясат таануучу Даниел Кадырбеков, жарандык активист Адил Турдукулов жана саясий ишмер Темирбек Асанбековдун пикири бул шилтемеде.