Өнүккөн өлкөлөрдө шайланган бийлик убадасын аткарбаса, коомчулук митинг жана пикеттер менен убадаларды аткаруусун талап кылат. Ал эми биздин мамлекетте шайлоо алдында президенттикке жана депутаттыкка талапкерлер "кыйратам, жыргатам, көйгөйлөрдү чечем" деп элди ишендирет, бирок шайлангандан кийин убадаларынын көбү куру сөз бойдон кала берет.
SUPER.KG порталынын "Шайлоо алдындагы убадасын аткарбаган президентти же парламентти кантип жазалоого болот?" деген соболуна Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Турсунбай Бакир уулу төмөнкүдөй жооп берди.
Анын айтымында, шайлоочулар мурунку шайлоолордон сабак алып, убадага турбагандарды шайлабашы керек.
“Азыр парламенттик шайлоо мурдагы шайлоолорго салыштырмалуу циркке айланган. Шайлоонун алдында депутаттыкка талапкерлер жогорку деңгээлдеги артист болуп көрүнүшөт. Эгер циркке эл билет сатып алып кирсе, шайлоодо партиялар эле акча таратышат. Айырмасы, цирк жаман болсо эл барбай коёт. Депутаттар шайланып калган соң убада аткара алышпаса өздөрү билип кетишпейт. Ошондуктан шайлоочулар ширин сөзгө, акчага алдана бербестен, убаданы аткарбагандарга кийинки жолку шайлоодо добуш бербей коюп жазалашы керек. Тилекке каршы, 2000-жылдан бери шайлоочулар мындай тыянакка келе албай жатышат. Башкача айтканда, алданып эле жүрүшөт.
Бул маселени мыйзам менен чечүү жолун издеп көргөнбүз. “Жогорку Кеңештин депутатынын статусу” деген мыйзамды мен жазгам. Ал жерде депутат кандай болушу керек, элге отчёт берүүсү, баары жазылган. Өмүрбек Текебаев болсо депутаттарды чакыртып алуу боюнча мыйзам жазган. Ал мыйзам боюнча депутаттарды чакыртып алуу кыйын, анткени шайлоочулардын 4төн 3 бөлүгүнүн колу керек. Аны парламентке андан соң БШКга жиберип анан чечим кабыл алынат. Шайлоочулардын колун топтоо, албетте, кыйын, ошон үчүн бул мыйзам иштебейт. Эгер президент убадасына турбаса, Жогорку Кеңештин 3төн 2 бөлүгүнүн добушу менен импичмент жарыялап, аны отставкага кетирип жазалай алат. Эгер партиялык шайлоо түзүлбөгөндө коомчулуктун да ролу чоң болот эле. Азыр партиялык шайлоо системине өткөндөн бери шайлоочулардын эч кандай укугу калган жок. Баарын партия чечип жатат. Мурда депутаттар, президент баш болуп шайлоочулардан коркуп турушчу.
Мен дайыма айтып келем, биз толук бир мандаттуу шайлоо системине өтпөсөк да, Орусия, Украина жана башка өлкөлөрдөгүдөй депутаттардын 50 пайызы бир мандаттуу, 50 пайызы партиялык жол менен шайланышы керек. Азыркы партиялар калыптана элек, жасалма партиялар. Акчасы барлар түзө калып шайлоодо акча таратып өтүп кетип жатышат”, - деди Бакир уулу.
Жогорку Кеңештин депутаттары Исхак Масалиев, Алтынбек Сулайманов, саясат таануучу Даниел Кадырбеков, жарандык активист Адил Турдукулов, саясий ишмерлер Жеңиш Молдокматов жана Темирбек Асанбековдун пикири бул шилтемеде.