Саясий ишмер Темирбек Асанбеков: "Сөзүнө турбаган жетекчилерди бийликтен четтеткенибизде гана аларды жазалоого мүмкүнчүлүк пайда болот"

Өнүккөн өлкөлөрдө шайланган бийлик убадасын аткарбаса, коомчулук митинг жана пикеттер менен убадаларды аткаруусун талап кылат. Ал эми биздин мамлекетте шайлоо алдында президенттикке жана депутаттыкка талапкерлер "кыйратам, жыргатам, көйгөйлөрдү чечем" деп элди ишендирет, бирок шайлангандан кийин убадаларынын көбү куру сөз бойдон кала берет.

SUPER.KG порталынын "Шайлоо алдындагы убадасын аткарбаган президентти же парламентти кантип жазалоого болот?" деген соболуна "Мекен ынтымагы" партиясынын төрагасы Темирбек Асанбеков төмөнкүдөй жооп берди.

Ал убадаларын аткарбаган мамлекеттик жетекчилерди кандай учурда жазалоо мүмкүн экенин айтты.

"Алардын курулай убадаларына ишенген элге туура маалыматтарды жеткирип, кезектеги шайлоо процесстеринде, алгач бийликтен четтеткенибизде гана мүмкүнчүлүк пайда болот. Же болбосо бийлик системиндеги жан-жөкөрлөрү аларга саясий коргоолор менен көмөк көрсөтүп, мыйзамдуулукту орнотууга тоскоолдук кылышат", - деди Асанбеков.

Жогорку Кеңештин депутаттары Исхак Масалиев, Алтынбек Сулайманов, саясат таануучу Даниел Кадырбеков, экс-депутат Турсунбай Бакир уулу, жарандык активист Адил Турдукулов, саясий ишмер Жеңиш Молдокматовдун пикири бул шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан