Индияда дүйнөдөгү эң бийик статуя орнотулду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалыматка караганда, анын бийиктиги 182 метрге барабар.
"Индиядагы статуя өлкөнүн көз карандысыздыгы үчүн күрөшкөн баатыр, "Темир адам" атыккан саясатчы Сардар Валлабхаи Пателге арналган. Ага "Биримдик статуясы" деген ысым берилди. Статуя Индиянын Гужарат штатындагы Вадодара шаарына жакын аймакка орнотулду. Жалпы узундугу 240 метрге жетет. Ал Нью-Йорктогу "Эркиндик" статуясынан 2 эсе бийик. Ал эми буга чейин эң бийик аталган Кытайдагы Будданын эстелигинен 29 метрге узун", - деп жазылат маалыматта.
Ошондой эле аны курууга 420 миллион доллар сарпталып, 5 жылда аягына чыкты.