Иса Өмүркулов КСДПдан чыгарылды

"КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов КСДП партиясынан чыгарылды". Аталган маалыматты КСДПдан таратышты.

Маалыматка караганда, ал КСДПнын негизги максатына жана партиянын жобосуна каршы аракет жасаган.

Ошондой эле КСДПнын саясий кеңешинин жыйынында Иса Өмүркуловду КСДП фракциясынын лидерлигинен алуу боюнча депутаттарга кат жолдонду.

Буга чейин "КСДП Атамбаевсиз" деген ураан менен жыйын өткөрүп жүргөн активисттер Өмүркулов менен жолугушуу өткөрүп, фракция лидери аларды колдоду деп маалымат тараткан.

Иса Өмүркулов өткөн жолугушуу боюнча SUPER.KG порталынын берген суроосуна жооп берүүдөн баш тартып, "кийин сүйлөшөлүчү" деп айткан эле.

Активист Сагынбек Абдрахманов "КСДП Атамбаевсиз" деген ураандын алдында КСДПнын лидерлигинде отурууга экс-президент Алмазбек Атамбаевдин моралдык укугу жок экенин айтып, Талас, Нарын, Чүй, Жалал-Абад облустарында жыйындарды өткөргөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан