"Кыргызстан социал-демократтар партиясынын" (КСДП) кезектеги съезди 2019-жылдын 6-апрелине белгиленди. Мындай чечимди КСДПнын саясий кеңеши 31-октябрдагы жыйынында кабыл алды.
Маалыматка караганда, съездди уюштуруу иштерине партия лидери, экс-президент Алмазбек Атамбаев жетекчилик кылат.
"Уюштуруу комитети, съездге катышуучу Жогорку Кеңештин депутаттары менен партиянын мүчөлөрү аныкталды", - деп айтылат КСДПнын маалыматында.
КСДПнын бүгүнкү жыйынында бир топ маселелер каралып, Иса Өмүркулов партиядан чыгарылды.