Мира Карыбаева президенттик аппараттагы кызматынан бошотулду

Президенттик аппараттын жарандык өнүктүрүү, диний жана этностук саясат бөлүмүнүн башчысы Мира Карыбаева башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу аталган аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, тиешелүү жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду.

Мира Карыбаева 1967-жылы 28-октябрда Бишкек шаарында туулган. Саясат, дин, этностор аралык мамилелер тууралуу 14 илимий басылманын автору. Ал президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары болуп иштеп келген. Андан соң экс-президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси болгон. Ошондой эле президенттик аппараттын этностук, диний саясат жана жарандык коом менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы кызматын аркалаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан