Депутат Тазабек Икрамов: “Партиянын чечими фракцияга таасирин тийгизбейт”

31-октябрда КСДП Иса Өмүркуловду "партиянын негизги максатына жана партиянын жобосуна каршы аракет жасаган" деп өз курамынан чыгарды. Ошондой эле аны Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын лидерлигинен алуу боюнча депутаттарга кат жолдонду. Өмүркулов өзү фракция лидерлигинен кетпей турганын айтты.
SUPER.KG порталынын "Иса Өмүркуловдун эми КСДПнын Жогорку Кеңештеги фракциясын жетектегени канчалык мыйзамдуу?" деген соболуна парламенттин эркин депутаты Тазабек Икрамов жооп берди.
Анын айтымында, депутатты партиядан чыгаруу мыйзамсыз.
“Фракцияга депутат болуп партиянын эң негизги уюткусу келет. Партиянын чечими фракцияга таасирин тийгизбейт. Андыктан фракциядагы депутаттар Иса Өмүркуловдун фракция жетекчилигинен кетишин же кетпешин чечим менен кабыл алынат. Мындайда партиянын чечими роль ойнобойт”, - деди Икрамов.
Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков, Жогорку Кеңештин депутаттары Жыргалбек Турускулов, Төрөбай Зулпукаров, Айнуру Алтыбаева, Дастан Бекешев, Кожобек Рыспаев, Исхак Масалиев, КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаеванын пикири бул шилтемеде.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан