Депутат Кожобек Рыспаев: “Иса Өмүркуловдун лидер болушун фракция депутаттары добуш менен чечишет”

31-октябрда КСДП Иса Өмүркуловду "партиянын негизги максатына жана партиянын жобосуна каршы аракет жасаган" деп өз курамынан чыгарды. Ошондой эле аны Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын лидерлигинен алуу боюнча депутаттарга кат жолдонду. Өмүркулов өзү фракция лидерлигинен кетпей турганын айтты.
SUPER.KG порталынын "Иса Өмүркуловдун эми КСДПнын Жогорку Кеңештеги фракциясын жетектегени канчалык мыйзамдуу?" деген соболуна КСДП фракциясынан депутат Кожобек Рыспаев жооп берди.
Ал парламенттин депутаты партиянын чечими менен фракциядан чыгарылышы керек деген талап жок экенин айтты.
“Мени деле партиядан чыгарышты, бирок мен фракцияда калдым. Жогорку Кеңештин регламенти боюнча, мындай кадам - мыйзамдуу. Партия өзүнүн депутаттарын шайлоого алып чыкканда тизме берет. Ошонун негизинде элдин добушуна ээ болуп, парламентке өткөндөн кийин Жогорку Кеңештин өзүнүн регламенти менен иш жүрүшү керек. Партиянын чечими менен фракциядан чыгара турган документ жок, жазылган дагы эмес. Моралдык жактан гана чыгарылат. Иса Өмүркуловду өзү каалабаса да партиядан чыгарып коюшту, эми муну фракция чечиши керек. Өмүркуловдун лидер болушун фракция депутаттары добуш менен чечишет”, - деди Рыспаев.
Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков, Жогорку Кеңештин депутаттары Жыргалбек Турускулов, Төрөбай Зулпукаров, Айнуру Алтыбаева, Тазабек Икрамов, Дастан Бекешев, Исхак Масалиев, КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаеванын пикири бул шилтемеде.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан