31-октябрда КСДП Иса Өмүркуловду "партиянын негизги максатына жана партиянын жобосуна каршы аракет жасаган" деп өз курамынан чыгарды. Ошондой эле аны Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын лидерлигинен алуу боюнча депутаттарга кат жолдонду. Өмүркулов өзү фракция лидерлигинен кетпей турганын айтты.
SUPER.KG порталынын
"Иса Өмүркуловдун эми КСДПнын Жогорку Кеңештеги фракциясын жетектегени канчалык мыйзамдуу?" деген соболуна КСДПнын расмий өкүлү
Кундуз Жолдубаева жооп берди.
Анын пикиринде, учурда парламенттеги КСДП фракциясы менен КСДП партиясынын ортосунда ажырымдык болуп, фракция башкача иш алып барып жаткандай таасир калтырууда.
"Чындыгында, Сапар Исаковду премьер-министрликтен алып түшүү чечими кабыл алынганда эле мындай болору билинген. Иса Өмүркулов фракция лидери катары бир да жолу партиянын лидери менен жолугууга келген эмес, бул дагы түрдүү ойлорго түртөт.
Азыр Иса Өмүркуловдун фракцияны жетектеп турганы мыйзамсыз. Анткени партиянын саясий кеңеши Өмүркуловду партиядан чыгарууну чечкен. Демек, азыр депутаттарга ушул чечим ар бирине жеткирилет жана фракциянын мүчөлөрүнө Иса Өмүркуловду лидерликтен кайтарып алуу боюнча сунуш жөнөтүлөт.
Мындан тышкары Иса Өмүркулов КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү болчу. Бул кеңештин регламентине ылайык, партиядан четтетилген адам автоматтуу түрдө саясий кеңештин мүчөсү болбой калат", - деди Жолдубаева.
Жогорку Кеңештин төрагасы
Дастанбек Жумабеков, Жогорку Кеңештин депутаттары
Жыргалбек Турускулов, Төрөбай Зулпукаров, Айнуру Алтыбаева, Тазабек Икрамов, Дастан Бекешев, Исхак Масалиевдин пикири бул
шилтемеде.