Кытайда уулдуу болгусу келген адам жаңы төрөлгөн кызын сатып жиберди

Кытайда ата жаңы төрөлгөн кызын сатып жиберди. Чет элдик маалымат булактары жазгандай, сатылган ымыркай "соодагер" атанын экинчи кызы.

Кыздын атасы 42 жаштагы Сяохуэя Ли уулдуу болууну каалагандыктан ушундай кадамга барганын айткан. Тартип сакчылары аны окуя катталган Чжэцзян провинциясындагы Иу шаарынан кармашкан. Ал баласыз үй-бүлөгө он күндүк кызын 4 миң юанга (39 миң сомго) саткан.

Сяохуэя Линин апасы небересин багышуу үчүн уулунун үйүнө келген, бирок Ли анын жардамынан баш тарткан. Андан кийин чоң энеси келини менен жолукканда, ал үйдө ымыркай жок экенин айткан. Мындан улам Линин апасы полицияга кабар берген.

Сурактан кийин Ли бул аракети кылмыш экенин моюнуна алган. Ал туруктуу жумушунун жоктугунан улам 2 кызды багууга өзүнө ишенбей жатканын айткан. Ошол эле учурда кызынын ордуна уул төрөлсө багууга даяр болгондугун билдирген.

Көп өтпөй полиция кызды тапкан. Аны багууга алган үй-бүлө полицияга кызды кантип алып калышканын дароо эле айтып беришкен.

"Биз он жылдан бери балалуу боло албай келгенбиз. Балалуу болуудан үмүтүбүз үзүлгөндө ымыркай сатып алып ата-эне болууну чечкенбиз", - дешкен алар.

Атасы тарабынан сатылган ымыркайды учурда чоң энеси менен апасы багып жатканы жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан