Караколдогу мектеп окуучуларынын ич ара териштирүүсү бычакташуу менен аяктады

Каракол шаарындагы мектеп окуучуларынын ич ара териштирүүсү бычакташуу менен аяктады. Белгилүү болгондой окуя, 31-октябрь күнү Каракол шаарындагы мектептердин биринде орун алган. Анда 8-класстын окуучусу 14 жаштагы окуучунун бутуна бычак менен сайган. Жабырлануучу ооруканага жеткирилип, ага медициналык жардам көрсөтүлгөн.

Облустук милициядан SUPER.KG порталына билдиришкендей, 8-класстын окуучусунун мындай кадамга баруусуна окуяга чейин жабырлануучу бир нече мектептин окуучулары менен бирге анын классташтарын сабап койгону себеп болгон. Ошондой эле ал өз сөзүндө окуядан кийин токмок жеген балдардын бири ооруканага түшүп калганын кошумчалап, ал классташтары үчүн өч алганын кошумчалаган.

Учурда бул факт боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалып, териштирүү иштери улантылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Samar90
2018-11-01 20:34:16
Законду кучотпосо болбойт бул мадыра баштар дагы иш берет
0
aykyz
2018-11-02 10:06:57
Кайсы мектеп экен?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан