Башкы прокуратура Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловго берилген турак жай ссудасы эсептен кандай негизде чыгарылганын текшерип чыгышы керек. Мындай пикирди бүгүн, 1-ноябрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Гүлшат Асылбаева айтып чыкты.
Депутат Улуттук банк өз кызматкерлерине турак жай ссудасын берүүгө укугу бар экендигин айтып, бирок аны эсептен чыгарып салууга акысы жоктугун белгилеп өттү.
"Башкы прокуратура мен айткан фактыны текшерип чыксын. Ошондой эле бул маселе боюнча Эсеп палатасынын “бул жерде мыйзам бузуу жок” деген жообунун канчалык деңгээлде мыйзамдуулугу да текшерилсин. Тез арада мыйзамсыз жол менен кечип жиберилген акча каражаттарын кайрадан мамлекетке кайтарып алуу боюнча чаралар көрүлүүгө тийиш”, - деди Асылбаева.
Буга чейин Гүлшат Асылбаева Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловго жумушунан берилген 6 миллион сомдук турак-жай ссудасы башкы банктын эсебинен чыгарылганын айтып чыкан.