Францияда өткөрүлгөн мода жумалыгында шоколаддан жасалган кийимдер көргөзмөгө коюлду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.
Маалыматка караганда, жыл сайын Парижде өткөрүлгөн мода жумалыгында шоколад кошулуп тигилген кийимдер топтому көргөзүлгөн.
"Аталган мода жумалыгында 500гө жакын шоколаддын бир нече түрүнөн көйнөк тигишип, эл сынына коюшту. Кийимдерге кооздук берген шоколаддарды жесе болот. Жумалык бүткөн соң аталган кийимдерди музейге тапшыруу пландалууда", - деп жазылат маалыматта.
Бул өзгөчө кийимдерди тартуулаган дизайнерлер, шоколадды жеп гана тим болбостон, чыгармачылыкты ишке ашырууда колдонсо болот экенин далилдешти.