Армения парламенти Никол Пашинянды экинчи ирет премьер-министрликке шайлаган жок

Армения парламенти Никол Пашинянды экинчи ирет премьер-министрликке шайлаган жок. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыкты.

Маалыматка караганда, Армениянын Конституциясына ылайык, эми өлкө парламенти, тактап айтканда, Улуттук жыйын тараганга аргасыз болот.

"Улуттук жыйын мыйзамдын күчү менен тарады. Куттуктайм!" деген билдирүүсүн Пашинян өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазган.

Мыйзамга ылайык, кезексиз парламенттик шайлоо декабрь айында өткөрүлүшү шарт.

Айта кетсек, буга чейин да парламент жалгыз талапкер Никол Пашиняндын талапкерлигин колдогон эмес.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан