Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков 1976-жылы 2-ноябрда Талас облусундагы Кара-Буура районунун Саткей айылында туулган. Ал 2001-жылы Кыргыз улуттук университетин юриспруденция адистиги боюнча аяктаган.
Эмгек жолун 2002-жылы Кыргыз Республикасындагы түрк компаниясынын "Баямташ ЛТД" өкүлчүлүгүндө коммерциялык мүдүрү болуп баштаган.
2005-2007-жылдары "КАSI трейнинг" бельгиялык фирмада башкы менеджери;
2007-2009-жылдары "ЯКАД" ЖЧКсынын башкы мүдүрү;
2010-жылы октябрда "Ата-Журт" идеалисттик демократиялык саясий партиясынын тизмеси боюнча V чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган.
2015-жылы "Кыргызстан" саясий партиясынын тизмеси боюнча Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган.
2017-жылдын октябрь айынан тарта Жогорку Кеңештин төрагасы болуп эмгектенет.
2-ноябрга карата жылнаама.