Окумуштуулар: "Таракандар каратэ өнөрүнө ээ"

Вандербильт университетинин окумуштуулары таракандар каратэ өнөрүндөгү айрым ыкмаларды колдонорун аныкташты. Бул тууралуу Daily Mail басылмасы жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, таракандардын бул жөндөмдүүлүгүн аныкташ үчүн окумуштуулар аарыларды жана таракандарды бири-бири менен уруштурушкан. Таракандардын өзүн сактап калуу үчүн кылган аракети өзгөчө түрдө болгон. Кандайдыр бир ыкма менен уруш жүргүзүүнүн ордуна таракандар ыкчам түрдө арткы буттары менен айланып сокку узатып турушкан.

Окумуштуулар айланада болуп жаткан нерселерди бат кабыл алууга таракандардын мурутчалары жардам берерин изилдеп чыгышкан. Мурутчалар антенна сымал болуп соккунун багытын көрсөтүп турат. Айланып сокку узатуу ыкмасын эксперимент жүргүзүлгөн таракандардын 63 пайызы колдонгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
abon
2018-11-02 12:17:13
оа, маймылдар кун фу ну билет,
-1
Alia82
2018-11-02 12:30:07
Видеосун жуктоп койсо болмок кызык болуп атат
-1
Tyty1990
2018-11-02 15:16:41
Самарага окшоп декан боло тургандар жок бекен
+3
Jigitchem
2018-11-02 16:33:20
Tyty1990,жардын го
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан