Кытайдагы Нинсян шаарынын Хуань провинциясындагы өлүкканадан адамдардын жансыз денесинин көздөрүн уурдагандар кармалды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгып, кармалгандар буга чейин да адам органдарын сатуу менен алектенип жүргөн топ экенин белгилеген.
Маалыматка ылайык, жансыз дененин биринин көздөрү жок экенин, анын эжеси байкап калган.
"Маркумдун жансыз денесин алып кетүү максатында келген эжеси анын 2 көзү тең жок экенин байкаган. Анын бир көзүнө кебез тыгылса, бир көзүнүн чанагында медициналык шайман калып калган", - деп жазылат маалыматта.
Полиция кызматы кылмышка шектүү катары 4 адамды кармаган. Алардын арасында өлүккананын да кызматкерлери болгон. Издөө жүрө баштаганда шектүүлөрдүн үчөө Шаоян шаарына качып кетишкен. Тергөөчүлөрдүн айтымында, аталган топ буга чейин да адам органдарын уурдап келишкендиги аныкталган.