ЭЛДИК КАБАР: "Бишкектеги кафелердин биринен өрт чыкты"

Бишкектин Алматы жана Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишиндеги "Ассорти" деп аталган кафе күйүп жатат. Өрт кырсыгына күбө болгон окурмандын айтымында, тилсиз жоо саат 17:50 чамасында чыкты. Окурман аталган кафенин ачылганына болгону эки гана күн болгонун белгиледи.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аталган дарекке өрт өчүрүү унаасы жөнөп кетип, учурда жеринде иштеп жатканын кабарлады.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан