Казакстанда 2 ай мурун каза болду деп сөөгү жерге берилген адам үйүнө кайтып келгенин жергиликтүү ЖМКлар жазууда. Анда айтылган маалыматтарга караганда, Атырау шаарына жакын аймактардын биринин 63 жаштагы Айгали аттуу тургуну 20-июнда үйүнөн чыгып кеткен бойдон үйүнө кайтып келген эмес. Кийин полиция жакындарынын өтүнүчү менен жоголгон жаранды издөөгө алып башташкан. Издөө иштеринин натыйжасында ал адамдын сөөгү табылганын, аны таанып-билүү үчүн жакындарын өлүк сактоочу жайына чакыртышат.
Бирок сөөк чирип кеткендиктен аны экспертизага тапшырып, жыйынтыгында адистер каза болгон адамдын сөөгүнүн 99,92 пайызы дайынсыз болуп жаткан адамдыкы экенин аныкташкан. Андан кийин ал адамдын сөөгү жерге берилген. Бирок арадан эки айга жакын убакыт өткөндөн кийин дайынсыз болуп жаткан адам үйүнө кайтып келген.
Ал коңшу айылдардын биринде жалданып иштеп жүргөнүн айтып берген. Учурда жакындары экспертиза адистерин сотко берүүгө камынууда.