Египетте кыз-келиндердин коомдук жайларда никаб (мусулман кыз-келиндеринин жүзүн кошо жапкан баш кийим) кийип жүрүүсүнө тыюу салынат. Чет элдик басылмалардын маалыматына таянсак, аталган өлкөнүн бийлиги учурда мыйзам долбоорунун үстүнөн иштеп жатат.
Кыз-келиндердин коомдук жайларда, тагыраагы, ооруканаларда, билим берүү мекемелеринде, китепканаларда, кинотеатрларда, музейлерде, аэропорттордо, коомдук транспорттордо жана бала бакчаларда көзүн эле ачып жүрүүсүнө тыюу салган мыйзам долбоору 1 ай мурда каралган. Анда никаб кийгендерге 56 доллар өлчөмүндөгү айып пул салынат. Эгерде ал экинчи ирет мыйзамды бузса анда айып пулдун саны эки эсеге жогорулай турганы айтылган.
Египет парламентинин депутаттары акыркы учурда никаб, паранжи өңдүү кийимдерден көптөгөн террордук маселелер, туура эмес пикирлер жаралып жатканын айтып, жогорудагы мыйзам долбоорун иштеп чыгышкан.