"Райондор аралык сотунун судьясы "Коопсуз шаар" боюнча чечимди бир эле сааттын ичинде чыгарып койду" деп бүгүн, 5-ноябрда маалымат жыйынында Даттануулар боюнча көз карандысыз комиссиянын өкүлү Эдиль Эралиев нааразычылык билдирди.
"Биз "Маалымат системдеринин коопсуздугу" компаниясынын аукциондун жыйынтыгы боюнча нааразычылыгын 7 күн караганбыз. Соттук отурумда судья Азис Эшалиев бул ишти 1 сааттын ичинде карап чыгып, жыйынтык чыгарып койду. Отурумдун учурунда Даттануулар комиссиясынын бир эле өкүлүнө сөз ыйгарды. Мен юрист катары Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин өкүлдөрүнүн суроосуна жооп бергенде сот мага эскертүү берди. Биз соттук отурум өткөнүнө нааразы болгондуктан коомчулукка кайрылдык.
Коомчулук "Коопсуз шаар" боюнча сынак кандай өтүп жатканын билбейт. Эртең соттук материалдар бизге берилет, алар менен биз шаардык сотко кайрылабыз", - деди Эралиев.
Белгилей кетсек, 2018-жылдын 4-сентябрында өткөрүлгөн аукциондун жыйынтыгында сынактык комиссия катышуучу компаниялардын документтерин карап чыгып, “Вега” радио куруу концерни” компаниясын жеңүүчү катары сунуштаган.
Ал эми ушул эле аукциондун экинчи катышуучусу болгон “Маалыматтык системдер коопсуздугу” ишканасы “Вега” концернинде акыркы 3 жыл ичинде жол эрежелеринин бузулушун фото жана видео тасмага алууну тастыктаган тажрыйбасынын ылайыктуулугу тууралуу маалымат жок деген билдирүү менен Даттануулар боюнча көз карандысыз комиссияга кайрылган. Комиссия бул билдирүүнү карап чыгып, “Маалыматтык системдер коопсуздугу” компаниясы тарабынан берилген маалыматтардын айрымдарын тастыктап, сынактык комиссиянын чечимин биротоло жокко чыгарган.