Жогорку Кеңештин экс-депутаты Аскарбек Шадиев быйыл апрель айында өлкөдөн АКШга чыгып кеткен. Ага “кызматынан кыянаттык менен пайдалануу”, “чек араны мыйзамсыз кесип өтүү”, “мыйзамсыз жол менен алынган акчалай каражаттарды же башка мүлктү легалдаштыруу” беренелеринин негизинде кылмыш иши козголгон. Шадиев депутаттык ыйгарым укуктарынан ажыратылгандан кийин билдирүү таратып, өлкөдөгү сот адилеттүүлүгүнө ишенбей турганын жарыялады.
Сот адилеттүүлүгүнө ишенбейм деген саясатчылардын саны көбөйүүдө. SUPER.KG порталынын "буга негиз барбы?" деген соболуна журналист Нарын Айып жооп берди.
Ал бийлик сыртта качып жүргөн саясатчыларды артка кайтаргысы келсе, өлкөдө сот адилеттүүлүгүн орнотушу керек дейт.
"Сот адилетсиз дегенге, албетте, негиз бар. Бирок Шадиев мамлекетте жүргөндө сот адилеттүүлүгүн орнотууга аракет кылышы керек эле. Качан гана өзүнө иш козголгондо “сотко ишенбейм” деп чыкты. Депутат кезинде, биринчи вице-премьер-министр болгондо эмне үчүн сот маселесин козгоп, адилеттүүлүктү орноткон эмес? Сот системи жакшы болбогону үчүн Аскарбек Шадиев да, Максим Бакиев да өлкөгө барбайм деп жатат да. Сот адилеттүүлүгү орногон болсо кылмыш иши козголуп, башка мамлекетте жүргөндөр боюнча кат жазып, кармап бергиле десе, жардам беришмек. Азыр Улуу Британияда, Орусияда, АКШда качып жүргөндөрдү кармап бергиле десек, алар “Кыргыз мамлекетинде сот адилеттүүлүгү жок. Кармап бербегиле” дейт. Алар болсо ишенет. Бийлик ушундай болбосун десе, сот адилеттүүлүгүн орнотушу зарыл. Буга чейин Коопсуздук кеңешинде сот системиндеги көйгөй айтылды. Жакында эле президент аталган тармакта иштегендер менен жолукту. Анча-мынча аракет башталгандай. Бирок 25 жылдан бери калыптанган бул көйгөйдү жок кылып салуу кыйын. Катуу аракет кылуу керек", - деди ал.
Жогорку Кеңештин депутаты Айнуру Алтыбаева, экс-акыйкатчылар Турсунбек Акун, Бактыбек Аманбаев, юрист Канатбек Азиз, укук коргоочу Рита Карасартованын пикири төмөнкү шилтемеде.