Жогорку Кеңештин экс-депутаты Аскарбек Шадиев быйыл апрель айында өлкөдөн АКШга чыгып кеткен. Ага “кызматынан кыянаттык менен пайдалануу”, “чек араны мыйзамсыз кесип өтүү”, “мыйзамсыз жол менен алынган акчалай каражаттарды же башка мүлктү легалдаштыруу” беренелеринин негизинде кылмыш иши козголгон. Шадиев депутаттык ыйгарым укуктарынан ажыратылгандан кийин билдирүү таратып, өлкөдөгү сот адилеттүүлүгүнө ишенбей турганын жарыялады.
Сот адилеттүүлүгүнө ишенбейм деген саясатчылардын саны көбөйүүдө. SUPER.KG порталынын "буга негиз барбы?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Айнуру Алтыбаева өз пикирин билдирди.
Алтыбаеванын айтымында, сот системинде жылыштар бар.
"Сот системи - бизде өзүнчө көз карандысыз бийлик бутагы. Бүгүнкү күндө сотторго ишенбейм деп шылтоо кыла берсе болот. Мына бизде сотторду тандоо кеңеши бар, бул институт жарандык коомдун, фракциялардын, президенттин өкүлдөрүнөн турат. Азыр сот системинде өзгөрүштөр бар, баарыбыз сот системи тазаланышына аракет кылышыбыз керек. Чындыгында сотторго көп нааразычылыктар бар, бизге депутаттарга да көп кайрылуулар болот. Сиз Аскарбек Шадиевди айтып өттүңүз, сотторго ишенбөөчүлүк билдирүүсү – бул актануу. Качып кеткен чиновник сотторго ишенип же ишенбөөсү бул алдыңкы маселе эмес. Маселе жооп берип калам дегенде, "жоопкерчиликке тартылып калам" деп качып кетти", - деди Алтыбаева.
Экс-акыйкатчылар Турсунбек Акун, Бактыбек Аманбаев, укук коргоочу Рита Карасартова, журналист Нарын Айып, юрист Канатбек Азиздин пикири төмөнкү шилтемеде.