Жогорку Кеңештин экс-депутаты Аскарбек Шадиев быйыл апрель айында өлкөдөн АКШга чыгып кеткен. Ага “кызматынан кыянаттык менен пайдалануу”, “чек араны мыйзамсыз кесип өтүү”, “мыйзамсыз жол менен алынган акчалай каражаттарды же башка мүлктү легалдаштыруу” беренелеринин негизинде кылмыш иши козголгон. Шадиев депутаттык ыйгарым укуктарынан ажыратылгандан кийин билдирүү таратып, өлкөдөгү сот адилеттүүлүгүнө ишенбей турганын жарыялады.
Сот адилеттүүлүгүнө ишенбейм деген саясатчылардын саны көбөйүүдө. SUPER.KG порталынын "буга негиз барбы?" деген соболуна экс-акыйкатчы Турсунбек Акун төмөндөгүдөй жооп узатты.
Турсунбек Акун бийлик сотторго толук эркиндикти берип жатканын айтат.
"Сотторго ишенбейм деп айткандардын сөзүнө толук кошула албайм, бирок алардын сөзүндө да негиз бар. Анткени ушундай болуп жатпайбы, соттор бул бийликке чейин да жогору жактан эмне көрсөтмө берсе ошону аткарып келди. Бул нерсе Атамбаевдин тушунда укмуш болду, “бөрк ал десе баш алган” заман болду. Акаев, Бакиевдин тушунда деле ушундай болуп келген. Азыркы учурда бул бийлик менен иштешип, жакындан билип жатам. Бул бийлик сотторду өз эркине коюп, өз алдынча болууга чакырууда. Бирок аягында жыйынтыкты сурарын, отчёт бере турган күн болорун эскертти.
Азыркы бийликке оор болууда, таза тергөөчүлөр аз болууда. Кадрларды алмаштырып жатышат, бирок таза адамдар аз болууда. Бүгүнкү бийлик сот реформасын ишке ашырууга аракет кылууда, бирок татаал.Сотко ишенбейм деп билдиргендер качып кетпей адилеттүүлүк үчүн күрөшүшү керек.
Ал эми мурунку бийликтин тушунда саясий куугунтук көрдү деген саясатчылардын ишин кайра карап баштоо соттун эмес, прокуратуранын иши. Алардын ишин кароого негиз жок деп башкы прокурор чечим чыгарды. Бул туура эмес, эмне үчүн негиз жок? Өмүрбек Текебаев, Садыр Жапаровдун иши саясий буюртма экенин баары эле билип турбайбы. Башкы прокурордун алардын ишин кайра кароого негиз жок дегени бүгүнкү бийликке көлөкө түшүрүп жатат. Башкы прокурордун саясий эрки жетпей жатат", - деди Акун.
Жогорку Кеңештин депутаты Айнуру Алтыбаева, экс-акыйкатчы Бактыбек Аманбаев, укук коргоочу Рита Карасартова, журналист Нарын Айып, юрист Канатбек Азиздин пикири төмөнкү шилтемеде.