Индияга 2008-жылдан бери эми кар жаады, кургакчылыкка көнгөн калк түйшөлүүдө

Индияга 2008-жылдан бери эми кар жаады. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазууда.

Маалыматта жазылгандай, кар Кашмир жана Жамму аймактарына калың түшкөн. Аба ырайынын кескин бузулушунунан улам турак үйлөр электр жарыгысыз калган. Мындан тышкары кар жаап, көчкү түшүп 10 жаштагы кыздын өмүрүн алган. Кардын жаашы аталган аймактардын жашоочуларына бир топ ыңгайсыздыктарды жаратып, алардын жыйнала элек түшүмдөрүн да үшүк алып кеткен. Учурда Индия өкмөтү келтирилген чыгымдарды эсептеп жатат.

Индиянын тоолуу аймактарында мындай аба ырайы 2 күндөн бери уланып жатса, Кашмир өрөөнүндөгү Гималай тоолоруна жакын жерлерде 10 күндөн бери ызгаардуу суук болуп жатат.

Мындан улам 10дон ашык авиакаттамдар артка жылдырылып, андагы унаа жолдор жабылып, кардан тазалоо иштери жүрүп жатат. 300дөй адам ызгаардуу сууктан куткарылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Koichuman
2018-11-05 23:13:16
Кышка кам корбогондоруно кыйын эле болдуда.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан