АКШнын Business Insider интернет-басылмасы Орусиянын армиясын Европадагы эң кубаттуу куралдуу күч деп тапты. Мындай маалыматты чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалыматка караганда, рейтингди түзүүдө армияга бөлүнгөн каражат, жоокерлер жана оор техникалардын саны, жайгашкан аймагы чоң роль ойногон.
"Орусия армиясына 1 жылда 47 миллиард доллар коротот. Ошондой эле ал 3 миллион 586 миң аскер кызматкерине, 4 миңдей учакка, 20 миңден ашык танкка, 350 аскер кемесине ээ болуп, Европада лидерликке жетишти. Андан кийинки орунду Франция ээледи. Француздар аталган багытка жылына 40 миллиард доллар жумшайт. Ал эми аскер кызматкерлеринин саны 388 миңге жетип, 1,2 миң учакка ээлик кылат. Үчүнчү орунга болсо Улуу Британиянын армиясы татыды. Бул мамлекет аталган тармакка жылына 50 миллиард доллар жумшап, 280 миң аскер кызматкерине, 830 учакка, 227 танкка жана 76 аскер кемесине ээлик кылат", - деп жазылат маалыматта.
Ал эми төртүнчү орунду Түркия, бешинчи орунду Германия ээлеген.