Pollution Index 2018 Mid-Year рейтинги боюнча Европанын абасы эң булганган жана эң таза шаарларынын аты аталды. Аталган маалымат Сербиянын көз карандысыз иликтөөчү сайтына жарыяланганын чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалыматка караганда, аталган рейтингде алдыңкы сапта Тетово (Македония) турса, экинчи орунду Неаполь (Италия), үчүнчү орунду Скопье (Македония) ээледи.
"Абасы эң начар шаарлардын катарын Тирана (Албания), Турин (Италия), Бухарест (Румыния) Сараево (Босния жана Герцеговина), Краков (Польша), Пловдив (Болгария) жана Киев (Украина) толуктайт. Ал эми эң таза шаарлардын көч башында Хельсинки (Финляндия), Рейкьявик (Исландия), Цюрих (Швейцария), Стокгольм (Швеция) шаарлары турат", - деп жазылат маалыматта.