Боорун алмаштырууга муктаж болгон Мээргүл Анарбек кызы 13 сааттык операциядан чыгып абалы жакшы

Боорун алмаштыруу үчүн Индияга учуп кеткен Мээргүл Анарбек кызына 13 сааттык операция жасалып, азыркы тапта абалы жакшы. Бул тууралуу бүгүн, 6-ноябрда SUPER.KG порталына "Ак ниет - Аманат" коомдук кайрымдуулук фондунун жетекчиси Медер Сапарбаев билдирди.

Маалыматка караганда, азыркы тапта Мээргүл жандандыруу бөлүмүндө, ал эми ага донор болгон апасы палатага которулду.

"Буюрса, бейтаптын абалы жакшы, узакка созулган операциядан ийгиликтүү чыкты. Дарыгерлер 30 гана пайыз кепилдик берип жатышкан, ага карабастан операция ойдогудай өтүп Мээргүлдүн абалы күндөн күнгө жакшырып жатат. Кызына донор болгон Шаангүл Таштанбекованын да абалы, буюрса, жакшы, ал палатага которулган. Ал эми Мээргүл жакынкы күндөрү палатага которулат. Операциядан кийин 1 айга жакын убакыт Индияда болот. Бул арада бейтап 2 жолу атайын анализдерди тапшырат, жыйынтыктары жакшы чыкса мекенине кайтат", - дейт Сапарбаев.

Ошондой эле Сапарбаев операция күнү бейтаптын жанында болуш үчүн Индияга учуп барганын айтып өттү.

"Операция күнү бейтаптын жанында болуу үчүн Индияга учуп баргам. Эми, буюрса, Мээргүлдөн 1 ай мурда операция болгон Милан Садыкжан уулу менен бирге 8-ноябрда Кыргыз өлкөсүнө учуп барабыз. Азыркы тапта Миландын абалы жакшы экен, ал дагы Мээргүлгө өз кеп-кеңештерин айтып, моралдык жактан колдоо көрсөтүп турду", - деп билдирди Сапарбаев.

Мээргүл операциядан чыкты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (20)
asanaliev.s
2018-11-06 12:05:39
Аллахка шугур аман эсен элибизге журтубузга кайтып келгиле. Соонун жанылык ушундай жакшы жанылыктар коп болсун.
+13
Benazir08
2018-11-06 12:12:45
Ииий жаным десе Мээргул жылмайып калыпсын. Аттай болуп айыгып кеткиле. Апасына да узаак омур бактылуу болгула ииий боордоштор ушундай оорулар жок жле болсунчу. Аман болгула. Медербай сен эл уулусун бактылуу бол ылайым. Апандыр Медер туткан уулу окшойсун ата энене мактоо болсун сендей уулду тарбиялаган. Анан кудай колдосун тоодой бакыт каалайбыз сага да
+17
i1urp
2018-11-06 12:28:29
ТЕНИРИМ ден соолук берсин. Оорубай аман болсун.
-7
asdef
2018-11-06 14:52:02
i1urp,Жок дегенде ушул жерден тениринди кошуп коет экенсин да
+3
i1urp
2018-11-06 17:33:34
asdef,
Ал бетте ТЕНИРИМ колдойт. Тенирибиз узун омур берсин. Бар болсун.
-8
Mavlyuda
2018-11-06 12:36:45
Аллахым шыпаасын берсин
+9
Pandora
2018-11-06 12:53:59
Кудайым озу колдосун!!!
+5
nuri1
2018-11-06 13:07:44
Жараткан Тенирибиз оорудан сактаксын. Ден соолугу чын болсун.
-6
sumaika
2018-11-06 14:05:23
Аллахка чексиз шугурлор жана мактоолор болсун!!Сонун жанылык.Эч ким оорубасынчы
+5
kairhai
2018-11-06 15:42:29
Апага кудайым узун өмүр берсин
+4
Paprikafm
2018-11-06 18:24:44
Админ бетинен рак болгон Баатыр байке эмне болуптур жакшы элеби кабар алып коюңуздарчы индиядан даарыланып келдиго
+2
oorup-turat-juroogum
2018-11-06 20:08:59
Аллахым шыпасын берсиин эчким оорубасын.адамда озу 1 эле боор болот го же 2бу апасы донор болсо анын боорун алып койсо жашай береби адам .?
+1
barakcha
2018-11-06 20:13:36
oorup-turat-juroogum,боорунун жарымын кесип алып кызына салышты.Жарым боор осуп чыгат.кийин толук бутун боорго айланат.
+5
tursunbaev78
2018-11-06 21:51:32
oorup-turat-juroogum,боор эки бөлүктөн болот,бир жагы чоңурак,экинчи жагы кичиреек,ошонун бирөөнү салат оорулуу адамга,кийин боор өсүп толукталат деп уккамын
0
010288
2018-11-06 20:11:38
Аллахым берген дабасына шыпаасын кошуп берген болсун ооомийн
+1
rysik79
2018-11-06 20:37:58
Аллахыма чексиз мактоолор жана шугурлор болсун. Жанында жургон балдардан да Аллахым ыраазы болсун!!!
+1
tursunbaev78
2018-11-06 21:55:05
Аллах шыпаасын берип жакшы болуп кетсин,акыркы жылдарда Кыргызстанда боор ооруусу күчөп кетти бул социалдык абалыбызга байланыштуу,дагы диабет көбөйдү,эч ким оорубасынчы
0
nuri1
2018-11-06 22:38:19
Жараткан ТЕНИРИМЕ ыраазымын. Оорубасын
-5
AzKumFerDan
2018-11-07 21:54:17
Алахка Шугур.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан