"Кызым үй-бүлөбүздү багам, үй салам деп жүрүп ооруга кабылды" дейт боорун алмаштырууга муктаж болуп жаткан Мээргүл Анарбек кызынын апасы

Мээргүл Анарбек кызы 25 жашта. Келечекке көптөгөн максаттарды коюп жаткан мезгилде күтүүсүздөн ооруга кабылып коомчулуктан жардам сурап турган чагы.

Бизге Мээргүлдүн апасы Шаангүл Таштанбекова кайрылып кызынын абалы тууралуу төмөндөгүлөрдү айтып берди.

"Мен өзүм 2 кызым, 1 уулум менен жаш кезимде жесир калгам. Жолдошум каза болуп калган, балдарымды жалгыз багып чоңойтуп, татыктуу тарбия бергенге аракет кылдым. Жаш кезинен кыйынчылык тартып чоңойгон балдарым акыл-эстүү турмуштун өйдө-төмөнүн түшүнгөн уул, кыздар болуп чоңоюшту. Мээргүл бизге жардам берем деп иштөө үчүн Орусияга кетти. Бөтөн жерде иштеп үй алабыз деп аракет кылып каражат чогулткан. Кийин жүрөк сыздаткан ооруга кабылып, боорунда курттар пайда болуп Орусиядан кайтып келди. Кызымды көргөн сайын өзүмдү күнөөлүү сезип, тагдырга таарынам", - дейт Таштанбекова.

Мээргүлдүн апасынын айтымында, азыр кызынын абалы оор, керектүү каражат топтоп, донор табыш керек.

"Дарыгерлер кызымдын 1 айдай гана өмүрү калганын айтууда. Бул арада керектүү акча топтоп, донор таап Индияга барып операция жасатып келүү керек. Ал үчүн 35 миң доллар керек экен. Кызымдын чачтары түшүп, денеси шишип, тамак да жей албай калды. Анын боорундагы тамырларында курттар пайда болуп, боорун жеп салган. Андан кийин ичине, өпкөсүнө суу толуп кетти. Кызымдын бүт дартын өзүмө алайын дейм, аттиң, мүмкүн эмес да. Бир гана кайдыгер эмес мекендештерибизден жардам күтүп, Жаратканга жалынуудан башка айлам калган жок", - дейт кейиген эне.

Мээргүл мектепти аяктагандан кийин эле Орусияда иштеп келип, үч жыл мурун апасына Кайыңды шаарчасынан үй алып берем деп аракет кылган. Кайра кетүү алдында бир аз ооруп калганын байкап, УЗИге түшкөндө боорундагы тамырларында курт бар экенин билген. Дароо Бишкектеги №1-үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда операция жасаткан. Бирок натыйжа болгон эмес. Бир жыл убакыт өткөндөн кийин ичине жана өпкөсүнө суу толуп кетип, абалы оорлошуп кеткен жана чачы түшүп калган.

Кайрымдуу, кайдыгер эмес жарандар Мээргүлгө жардам колун сунса, байланышуу үчүн телефондор: 0772 27 84 37 (Мээргүл), 0776 27 51 69 (Шаангүл Таштанбекова)

0772 27 84 37 (ЭлСом)

Сбербанк: 639002709003435079

Демирбанк: 4172210079599915


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Feiza1982
2018-10-04 14:36:09
Аллахым күч кубат берсин .
+17
iryi1
2018-10-04 17:50:30
Тенирим ден соолук берсин.
-3
rysik79
2018-10-04 23:26:43
Аллахым бир озун жардам бер. Шыпаа бер.
+5
sabirdinovich
2018-10-05 20:20:21
29-октябрда бизге Кувейттен 45 врач бардык аспаптары менен келип, элге бекер операция жасашат экен деп Ватсапта жүрөт го. Ошого кайрылып көрүшсө кандай болот?
+2
zhenishmyrza
2018-12-05 02:29:29
Сбербанк москвадан которсо болобу?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан