Лейлекте айылдык кеңештин төрагасын атып кетишти, учурда ал ооруканада

Баткен облусунун Лейлек районунда айылдык кеңештин төрагасын атып кетишти. Бул тууралуу Баткен ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Лейлек районундагы Жаңы-Жер айылдык кеңешинин төрагасы, 32 жаштагы Б.К.ны Арка айылындагы өзүнүн үйүнүн короосунан белгисиз адамдар атып кетишкен.

"Ок анын артына тийген, аткан адам окуя болгон жерден качып кеткен. Б.К.Тажикстан Республикасынын Согди облусунун Гафуров шаарындагы ооруканага бир туугандары аркылуу жеткирилип, алгачкы медициналык жардам көрсөтүлгөн. Азыркы тапта абалы орто. Лейлек РИИБи тарабынан атайын ыкчам топ түзүлүп, аталган жагдай боюнча иш алып барышууда. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 28-97-беренеси менен кылмыш иши козголуп тергөө амалдары жүрүүдө", - деп билдирди басма сөз кызматкери.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
kurstan-ali
2018-11-06 14:11:39
Кызыл шапкеченден,ак халатчандан кудай сактасын деген
0
Majit1975
2018-11-06 14:42:40
Эртеменен алган жаракатынан каза болду деп жаздыңар эле го
+4
Rapas
2018-11-06 22:14:47
Majit1975, Кудай сактасын. Жакшы пока абалы.
+1
Asyl10
2018-11-06 16:24:13
Айылдык Кенештин депутатын чакалайдын чак тушундо атып кетсе, биздин мамлекет эмне деген мамлекет болуп барат? Милициялар жаш жигитти ур-токмокко алса,олумго чейин жеткиришсе, килейген башкармалык жугору талаасына кирип кеткен кылмышкерди 10 кун кармай албса. Мамлекет деги онугобу же ушинтип эле олбо жаным олбо болуп жашай береби?
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан