Баткен облусундагы Лейлек районунда белгисиз жарандар атып кеткен жаран айылдык кеңештин төрагасы болгон. Бул маалыматты Баткен облустук администрациясынын басма сөз катчысы тастыктады.
"Учурда бейтаптын абалы оор, жандандыруу бөлүмүндө жатат. Ал Жаңы-Жер айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы экени аныкталды", - деди басма сөз кызматкери.
Эске салсак, Баткен облусунун Лейлек районунда айылдык кеңештин төрагасын 5-ноябрдан 6-ноябрга караган түнү атып кетишкен. Учурда шектүү изделип жатат.