
Ачылып-жабыла турган, ийилчээк Samsung смартфону кандай түстө жарык көрөрү белгилүү болду. Бул тууралуу SamMobile интернеттеги баракчасына жазып чыкты.
Маалыматка караганда, жарык көрүүчү Samsung Galaxy F үлгүсүндөгү смартфону күмүш түстө жарык көрөт. Ал 512 ГБ эс тутумга ээ, ошондой эле ага 2 сим-карта салууга болот. Аталган телефондун үлгүсү 7-ноябрда атайын конференцияда көрсөтүлөт.
Белгилүү болгондой, компания өзүнүн ачылып-жабылма смартфонун коомчулукка Huawei компаниясынан биринчи көрсөтүүнү пландоодо. Ал эми Samsung Galaxy F аудиторияга толук кандуу 2019-жылдын январь айынын башында Mobile World Congress`те тартууланат.