Окумуштуулар ит баштуу жөргөмүштөр тууралуу айтып беришти

Эквадордун тропикалык токойлорунда табылган ит баштуу жөргөмүш окумуштууларды таң калтырды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Андреас Кей аттуу арахнолог дүйнөдөгү эң коркунучтуу жөргөмүштүн сүрөттөрүн жарыялады.
"Аталган жөргөмүштүн көлөмү адамдын тырмагындай. Ал жер бетиндеги эң байыркы жандыктардын бири. Алар 400 миллион жылдан бери жашап келишет, динозаврладан мурда эле пайда болушкан. Жөргөмүш эч кандай коркунуч туудурбайт, анын денесинде уулуу заттар жок", - деп жазылат маалыматта.
Окумуштуулардын айтымында, ачык түстөгү жөргөмүштөр эч кандай коркунуч туудурбайт, ал эми алардын түсү башка жырткычтарды качырат. Ит баштуу жөргөмүштөр алгач 1959-жылы немис окумуштуусу Карл Фридрих Роуэр тарабынан табылган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан