2016-жылдын апрель айында МАИ жана Жол кайгуул кызматтары бириктирилип, Патрулдук милиция башкармалыгы ишке киришкен. Кийин өкмөттүн токтому менен Патрулдук милиция башкармалыгы жоюлуп, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы болуп түзүлгөн.
Эми кайрадан Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын бөлүктөрү жана Патрулдук-нөөмөт бөлүмдөрү бириктирилип, Патрулдук милициянын жаңы бөлүмү түзүлгөнү жатат. Бул өзгөртүү жол коопсуздугун камсыздаган ички иштер органдарынын бөлүктөрүн реформалоонун натыйжасында иштелип чыкканы маалым болду.
SUPER.KG порталынын "Милициядагы реформалар эмне жыйынтык берди?" деген соболуна депутат Дастан Бекешев жооп берди.
Ал укук коргоо органдарындагы реформалардан жыйынтыктар жок деген пикирин айтты.
“Реформалардан эч кандай жыйынтык болгон жок, аталыштары эле өзгөрдү. Патрулдук милиция түзүлүп, муну менен үчүнчү жолу түзүлгөнү жатат. Канча жолу аттары алмашты. Эми убакыт көрсөтөт, мүмкүн өзгөрүүлөр болот”, - деди Бекешев.
Жогорку Кеңештин депутаттары Искендер Матраимов, Зарылбек Рысалиев, МАИни реформалоо боюнча жумушчу топтун мүчөсү Тимур Шайхутдинов, мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун кеңешчиси болгон Талант Султановдун пикири төмөнкү шилтемеде.