Мурдагы премьер-министрдин кеңешчиси Талант Султанов: "Азыркы өкмөт бул кадамы менен "реформа болуп жатат" деп көргөзгөнгө аракет кылууда"

2016-жылдын апрель айында МАИ жана Жол кайгуул кызматтары бириктирилип, Патрулдук милиция башкармалыгы ишке киришкен. Кийин өкмөттүн токтому менен Патрулдук милиция башкармалыгы жоюлуп, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы болуп түзүлгөн.

Эми кайрадан Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын бөлүктөрү жана Патрулдук-нөөмөт бөлүмдөрү бириктирилип, Патрулдук милициянын жаңы бөлүмү түзүлгөнү жатат. Бул өзгөртүү жол коопсуздугун камсыздаган ички иштер органдарынын бөлүктөрүн реформалоонун натыйжасында иштелип чыкканы маалым болду.

SUPER.KG порталынын "Милициядагы реформалар эмне жыйынтык берди?" деген соболуна мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун кеңешчиси болгон Талант Султанов жооп берди.

Ал аталган тармакты реформалоо үчүн аталышын эле өзгөртүп коюу жетишсиз дейт.

“Милициянын форматы өзгөргөнү менен реформага көп таасир болбой калышы мүмкүн. Биринчи кезекте маяналарын көбөйтүү зарыл. Андан сырткары техникалык жабдуусун жаңылашыбыз керек. Ошондо бул тармактагы маселелер чечилмек. Атын башка кылган туура эмес. Сапар Исаковдун өкмөтү учурунда да жол кыймылына көп көңүл бурганбыз. Автоунааларды, жаңы техникаларды алып берүү пландары бар болчу. Бирок бул тармактын реформасын көрүү үчүн жок дегенде 1 жылдык убакыт керек. Менин оюмча, азыркы өкмөт бул кадамы менен "реформа болуп жатат" деп көргөзгөнгө аракет кылууда", - деди Султанов.

Жогорку Кеңештин депутаттары Искендер Матраимов, Дастан Бекешев, Зарылбек Рысалиев, МАИни реформалоо боюнча жумушчу топтун мүчөсү Тимур Шайхутдиновдун пикири төмөнкү шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан