Беларусь президенти Александр Лукашенконун мурдагы учагы аукционго коюлду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жызып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Лукашенкону ташып жүргөн 1995-жылы чыгарылган ТУ-154М учагынын баштапкы баасы 2 миллион 146 миң долларды түзөт. Аукционго катышууну каалагандар жогорку сумманын 10 пайызын алдын ала төлөшү керек. Аукцион ушул жылдын 12-декабрында жыйынтыкталат.
Аталган учак өлкө башчысын тейлебей калганына бир нече убакыт болгону менен учакты премьер-министр жана бир нече министрлер колдонуп келишкен.
Азыркы учурда Лукашенко сапарларын Boeing 767-300ER жана Boeing 737 Business Jet учактары менен аткарып келет.