1924-жылы 7-ноябрь күнү туңгуч кыргыз тилдүү “Эркин-Тоо” гезити (азыркы “Кыргыз туусу”) чыккан. Бул дата жалпыга маалымдоо каражаттарынын, радио жана телеберүүнүн, басмакананын бардык кызматкерлеринин кесиптик майрамы катары 1993-жылдын 1-ноябрында кыргыз өкмөтүнүн атайын токтому менен бекитилген.Тарыхы
Байыркы Римде ар түрдүү окуялар чегилип жазылган жыгач тактайлар байларга, сенаторлорго таратылып турган. Рим императору Юлий Цезарь "маалымат тактайлар бардык элге таратылсын" деген буйрук чыгарган. Бул тактайлар учурдагы гезиттердин түпкү атасы десе болот. Ал эми жазма түрүндөгү гезит алгачкы жолу биздин замандын 911-жылы Кытайда пайда болгон. Ал эми 16-кылымда Италиянын Венеция шаарында кемелердин жүгүртмөсү, падышанын жашоосу, шаар аралык соода байланыштары, жалпы эле соодага байланышкан жаңылыктар жазылган баракчалар басып чыгарылып турган. Ал баракчалар "gazzetta" деп аталган Италиянын майда тыйындарына сатылган. "Газета" сөзү ушул түшүнүктөн улам келип чыккан.
Алгачкы гезиттерди чыгарууда жыгачтан оюлуп жасалган тамгалар колдонулган
Мурун гезиттерди чыгарууда жыгачтан оюлуп жасалган тамгалар колдонулган. Жазылчу сөздү ошол тамгалардан курап, атайын калыпка кол менен тизип чыгышкан. Анан калыпка тизилген тамгаларга боёк куюлуп, үстүнө кагаз бастырылган. Ошондо калыптагы текст толугу менен баракка түшкөн. Кээ бир учурда тамга калыптарынын жетишсиздигинен бир бет кагазга басылып бүткүчө экинчи бет басылбай токтоп турган.Техниканын өнүгүшү менен басмакана кызматкерлери ар бир тамганы колго тизүүдөн кутулушкан. Башкача айтканда, тамга терүүчү машина "Линотип" пайда болуп, ал коргошун менен иштеген. Текст терүүчү адам клавиатураны басканда калыпка тамгалар тизилип, ага эритилген коргошун коюлуп, текст жазылган. Эгер саптагы сүйлөмдөн бир ката кетсе, аны оңдоо үчүн саптын баарын кайрадан терип чыгууга туура келген. Негизги текст машина менен териле баштаганына карабай, макаланын аталыштары, рубрикалар жыгач тамгалар менен колго тизилген.
"Линотип" машинасынан кийин текст терүүчү аппарат - фототергич чыккан. Мында аппаратка терилген ариптер плёнкага түшүрүлгөн.Анан аны кайчы менен кесип, ар түрдүү дизайн жасашкан. Заман агымы менен бул иш процесси да артта калып, кадимки компьютер колдонууга кирген. Гезит беттери компьютерде даярдалып, анан принтерден атайын плёнкага чыгарыла баштаган. Ал плёнкадан гезит беттери ультрафиолет нуру аркылуу пластинага түшүрүлүп, басууга берилген. Ал эми азыркы учурда журналист компьютерге терет да, аны дизайнер жасалгалап, редакциядан интернет аркылуу басмаканага жөнөтөт.
Материалдар CtP (Computer to Plate) деп аталган аппаратка жөнөтүлүп, ал жактан пластинага жөнөтүлөт. Пластинадан резинага түшкөн маалымат гезит болуп басылып чыгып, окурмандарга жаңылык болуп жеткирүүгө шашат.
7-ноябрдын жылнаамасы.